Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил ,
Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил .
Бул тил менен Манас бабам жар салып ,
Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.
Кыргыз тили нускалуу тил ,кутман тил,
Кыргыз тили кылымдарды уккан тил .
Кыргыз тили акындардын ырынан,
Чечендердин таңдайынан чыккан тил.
Комментарии